“Дени сак аял дени сак үй-бүлө”

“Дени сак аял дени сак үй-бүлө”

       Аялзаты бир гана үй-бүлөдө эмес коомдо да чоң күчкө ээ. Алар үй-бүлөнүн гана түйшүгүн тартпастан, коомдогу көйгөйлүү маселелерди чечүүгө да катыша алышат. Андыктан биз аялдардын коомдогу социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдөгү ролун, лидердик сапатын жогорулатуубуз керек. Ушул максатта Жалал- Абад областынын Ноокен районунда “Аялдар өзгөртүүнү алып келет” жалпы улуттук кампаниясынын алкагында аялдар командалары арасында футбол оюну уюштурулду. Бул иш чарага билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагында эмгектенген аялдар, жергиликтүү кеңештин депутаттары, активист аялдар, үй кожойкелери катышты.

       Мындан тышкары мектеп окуучулары арасында “Аялдардын коомдогу орду” деген темада сүрөт көргөзмөсү өткөрүлдү. Сынактын катышуучулары өздөрүнүн сүрөттөрүндө апаларын, мугалим эжекелерин жана кумир туткан лидер аялдарын тартышкан.