Биз жөнүндө

                     "ДИА" (Демилгелүү, ишкер аялдар) коомдук фонду

  Коомдук фондун  уюштуруу идеясы аялдарды колдоочу топтун жападан жалгыз гана максаты болгон демилгелүү топ тарабынан 1997-  жылы эле  сунушталган . Ал эми колдоо көрсөтүү идеясы Аракеттердин Пекин платформасынын принциптерине негизделип, демилгелүү топ мекемени  “ДИА” (Демилгелүү, ишкер аялдар) коомдук фонду катары  каттоодон өткөрүү боюнча чечим кабыл алышат. Ошентип “ДИА” (Демилгелүү, ишкер аялдар) коомдук фонду1998 –жылдын 10-мартында официалдуу түрдө юридикалык каттоодон өткөн.

    Коомдук фонддун миссиясы:  Гендердик теңчиликти  илгерилетүү, аялдардын укуктарын коргоо жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

   Коомдук фонддун жакынкы  келечекти элестетүүсү: “ДИА” (Демилгелүү, ишкер аялдар) коомдук фонду 2025-жылда аялдардын укугун коргоо боюнча коомдук кызмат көрсөтүүчү  консалтингдик  борбору бар,  чечим чыгаруунун бардык деңгээлинде  гендердик теңчиликти жана аялдардын лидерлигин илгерилетүү боюнча республиканын аймагындагы аялдар маселеси менен иштеген коомдук уюмдардын алдыңкы сабында болот.

     Коомдук фонддун баалуулуктары:

  • Адам укуктарын коргоо жана урматтоо;
  • Айкындуулук жана тунуктук;
  • Ачык маалыматтын жеткиликтүүлүгү;
  • Командалык рух жана биримдик;
  • Өз ара түшүнүү жана бири бирин  колдоо

    Коомдук фонддун максаттуу топтору: Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы аялдар жана аялдарын мекемелери, бул жерден максаттуу топтор төмөнкү тайпаларга бөлүнөт: ишкер аялдар, депутат аялдар, активист аялдар,  элеттик аялдар, адам сатуунун жана үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктары, мигранттар жана жалгыз бой аялдар.

    Коомдук фонддун ишмердүүлүгү төмөнкү багыттар аркылуу жүргүзүлөт:

  • Коомдун түрдүү тармактарына гендердик ченемдик ыкмаларды киргизүү;
  • Ички жана тышкы мигранттардын укугун жана кызыкчылыгын  коргоо;
  • Этникалык көп түрдүүлүктү башкаруу чөйрөсүнө киргизүү, этникалык маселелерде   этникалык топтор менен иштөө;
  • Чечим кабыл алуу процесстерине жана коомдук турмушка  аралаштыруу боюнча калктын, айрыкча аялдардын ролун жана  активдүүлүгүн жогорулатуу  ;
  • Жергиликтүү өз алдынча башкару органдары менен алардын ишмердүүлүгүн жогорулатуу боюнча  иш алып баруу;
  • Аялдардын ишкердүүлүгүн жогорулатуу;
  • Калктын  өзгөчө кырдаалдарга даярдоо боюнча  калк жана жергиликтүү өз алдынча башкару органдары менен  иш алып баруу;
  • Жаштар  менен иштөө жана ыктыярчылар кыймылын өнүктүрүү.

     Коомдук фондду башкаруу: Коомдук фонд ыкчам түрдө курамы  3 адамдан турган Башкармалык (Правление) аркылуу башкарылат. Ушул тапта коомдук фонддун командасы 4 адамдан турат: анын ичинен директор, программалардын координатору -1, психолог-1 жана финансалык менеджер -1. Ошондой эле  коомдук фонддо зарыл учурда  келишим аркылуу иштей турган эксперттер жана ыктыярчылар тобу бар.

   Фонддун адистери Кыргызстан-Сорос Фондунун, Евразия, Эмгекти уюштуруунун Эл аралык Фондунун, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын, ИстВестМенеджмент институнун, Эл аралык Миграция уюмунун ТоТисинен өтүшкөн жана алар тренингдерди интерактивдүү ыкмаларды колдонуу менен өткөрүү,  анын окутуу  Программаларын,  модулдарды иштеп чыгуу боюнча  мол тажрыйбага  ээ. Тренингдерди өткөрүү боюнча иштелип чыгылган атайын Модулдар бар, тренингдер орус жана кыргыз ( буюртмага  ылайык) тилдеринде өткөрүлөт.

    Фонддун түштүк жергесинин коомчулугунун арасында бедели жогору.  Чечим кабыл алууда Негизги Стратегиялык Өнөктөштөрү болуп Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы  Кыргыз Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, Ош шаарынын  жана Жалал –Абад шаарынын мэриясы, райондук мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитеттери,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аял депутаттарынын Форуму, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин гендердик жактан өнүктүрүү бөлүмү болуп саналат.

     “ДИА” коомдук фонду  аймактын 15тен ашуун активдүү коммерциялык эмес уюмдары менен кызматташып келет жана адам, анын ичинен  аялдардын укуктарын коргоо боюнча түрдүү тармактардын, коалициялардын мүчөсү болуп саналат. Учурда фонд “Гендердик зомбулуктун курмандыктарын кайра багыттоо” регионалдык жана  республиканын 7 дубанынын  лидер аялдарынын башын бириктирген “Кыргызстандын лидер аялдары “ улуттук тармагынын координатору болуп саналат.  

    Коомдук фонддун девизи:  «Аялдарды коргойбуз, демилгесин колдойбуз!»

    Сиздер менен ар дайым кызматташканга даярбыз

    Биздин дарегибиз: Ош шаары, Ленин көчөсү 221, каб 6, (03222) 5 62 76,

 

Иш-чаралар