Жаңы долбоордун презентациясы

Жаңы долбоордун презентациясы

13 -июлда Ош шаарында “Эрте курактагы никелерге карата социалдык ченемдердин жана жүрүм турум моделдеринин өзгөрүшүнө көмөк көрсөтүү жана “Теңдик нуру” лидер кыздардын  түйүнүнүн түзүү” аттуу жаңы долбоорунун бет ачары болуп өттү.

 

Ага Ош облусунун пилоттук  деп тандалган Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун мамлекеттик администрацияларынан  жана 4 айыл өкмөттүн өкүлдөрү,  мектептердин администрациясынан, жамааттардын формалдуу жана расмий эмес лидерлеринин коалициялык топторунун мүчөлөрү катышты.

 

"ДИА" коомдук фонду улуттук жана аймактык деңгээлде  эрте куракта турмушка берүү практикасын колдогон  нормаларын өзгөртүүгө, кыздардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө, лидер кыздардын тармагын түзүүгө жана аларды аялдар уюмдары менен болгон байланышты чыңдоого багытталган социалдык жана жүрүм -турумду өзгөртүүчу  байланыштар стратегиясын ишке ашырууну пландап жатат.

 

Долбоор БУУнун Балдар фондунун @unicefkg @un_kyrgyzstan колдоосу менен "ДИА" коомдук фонду тарабынан Европа Биримдиги менен БУУнун Кыргызстандагы "Теңдик Нуру" @SpotlightInitiative демилгесинин алкагында ишке ашырылууда.

#SpotlightEndViolence  #WithHer  #ДИА #ЖолЖокЭртеНикеге