2 күндүк тренингдердин башталышы

2 күндүк тренингдердин башталышы

Ош облусунун 4 пилоттук айыл өкмөтүндө критикалык ой жүгүртүүнү, коммуникациялык көндүмдөрдү өнүктүрүү, укуктук маселелер жана кыздардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүү боюнча 2 күндүк тренингдер башталды.

Коммуникация – бул ар кандай көрүнүштөрдөгү адамдар менен баарлашуу. Коммуникацияда башка адамга болгон муктаждык ишке ашат. Байланыш аркылуу адамдар практикалык жана теориялык иштердин ар кандай түрлөрүн уюштурушат, маалымат алмашат, өз ара түшүнүшүүгө жетишишет, аракеттин максатка ылайыктуу программасын иштеп чыгышат, бири-бирине таасир этет.

14 жаштан 17 жашка чейинки тренингдин катышуучулары  окуучу кыздар активдүү болуп, өз ойлорун эркин айтып, талкууларды алып барышты, суроолорду берип, командаларда мыкты иштешти.

Кыздар укуктар, укук коргоо мыйзамдары, жетекчинин сапаттары, адамдарга жардам берүү, команда түзүү боюнча билим алышып, алган көндүмдөрүн өз презентацияларында практика жүзүндө көрсөтүштү.

Долбоор БУУнун Балдар фондунун  колдоосу менен "ДИА" коомдук фонду тарабынан Европа Биримдиги менен БУУнун Кыргызстандагы "Теңдик Нуру" демилгесинин алкагында ишке ашырылууда.

#SpotlightEndViolence #WithHer #ДИА #ЖолЖокЭртеНикеге