Жаштарга психосоциалдык жардам көрсөтүү үчүн насаатчыларды окутуу

Жаштарга психосоциалдык жардам көрсөтүү үчүн насаатчыларды окутуу

“Бирге/Вместе” долбоорунун алкагында биз насаатчыларга тандалган талапкерлер үчүн жаштарга психосоциалдык жардам көрсөтүү боюнча 3 этаптан турган  окутууну өткөрдүк.
 
Окутуунун биринчи этабы : 3-4-июнда Ош шаарында Ош, Ош жана Баткен облустарынан келген насаатчылар үчүн жана 24-25-июнда Бишкек шаарында Бишкек, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын насаатчылары үчүн өткөрүлдү.


Бул тренингдин максаты:
1. Конфликт жана гендердик сезимталдуулук, инсандын психологиясы боюнча насаатчыларды окутуу.
2. Өз жардам топтору менен иштөө методологиясы боюнча насаатчыларды окутуу.
Тренингдин катышуучулары өз ара жардам көрсөтүү топторунун иштөө принциптерин жана эрежелерин иштеп чыгып, талкуулашты жана насаатчылыктын түрлөрү жана формалары тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле психологиялык тоскоолдуктарды ачууда  катышуучулардын чыгармачылык өзүн-өзү көрсөтүү ыкмасын колдонуу сунушталды, анткени чыгармачылык ыкмасы чечиле албаган кээ бир маселелерди чечүүдө жардам берет.
 
Тренингдин жүрүшүндө насаатчылар гендердик жана конфликттик сезимталдык,личностун өнгүүсүндө зордук-зомбулуктун тийгизген таасири, жана анын эрктик- эмоционалдык сапаттарынын калыптанышы, өз ара жардам топторун түзүү жана топтор менен иштөө методологиясы деген темаларды карап чыгышты жана талкуулашты


13-14-июль күндөрү Ош шаарында бардык катышуучулар үчүн эки күндүк тренингдердин экинчи этабы болуп өттү.
Тренингдин экинчи этабы негизинен өз алдынча жардам топторунун риторикасы жана философиясы, практика жүзүндө топтун иштерин түшүнүүгө багытталган. Ал жерде топтун тигил же бул мүчөсүнүн суроосуна жоопторду активдүү издөө ыкмасы катышуучулардын зор кызыгуусун жаратты, мында кайрылуучунун суроосу жалпы топто талкууланат, мындан улам  кайрылган киши  өз алдынча жыйынтыкка келүүсүнө өбөлгө түзүлөт.
 
26-27-июль күндөрү Бишкек шаарында жаштарга психосоциалдык жардам көрсөтүү боюнча насаатчыларды окутуунун жыйынтыктоочу этабы болуп өттү.
Окутуунун бул  этабында насаатчыларды  ассертивдүү жүрүм-турум чеберчилигин өнүктүрүүгө багытталды. Ассеритивдүү жүрүм-турум чеберчилигине келечектеги насаатчылар үйрөнүү менен, алар өз-ара жарадм топторунун катышуучуларына бул көндүмдөрдү үйрөтүшөт .Ассертивдүү журум турум – бул бирөөнүн укуктарын бузбай туруп өз укуктарынды коргоо көндүмү, же болбосо бирөөгө каттуу тийбей туруп өз кызыкчылыгыңды ишке ашыруу болуп эсептелет.


Тренингдин маанилүүлүгү тренингдин башынан аягына чейин практикалык көнүгүүлөр менен коштолду.  Катышуучулар жүрүм-турум стилдери боюнча практикалык көнүгүүлөрдөн өтүштү. Мындан насаатчылар өз-ара жардам топтору менен иштөө атмосферасына кире алышты.


Бул демилге “ДИА” коомдук фонду, Жаштарды өнүктүрүү институту @irm.kg, “Тынчтык демилгелери” коомдук бирикмеси @oomirnyeinitsiativy жана Saferworld @saferworld_org тарабынан БУУнун Тынчтык куруу фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.


#психикалыкденсоолук #бирге #өзаражардам #ирм #диа #тынчтыкдемилгелери #коопсуздүйнө