"Аялдар светтик коом үчүн"

"Аялдар светтик коом үчүн"

     “Кыргызстандын  лидер аялдары” улуттук түйүнүнүн Ош областынын Кара-Суу районундагы мүчөлөрү 2019-жылдын 14-декабрында Кашкар Кыштак айылында “Аялдар светтик коом үчүн”деген темада семинар уюштурушту. Семинар “Аялдар өзгөртүунү алып келишет” жалпы улуттук кампаниясынын алкагында өткөрүлүп,  активист аялдар, саламаттык сактоо жана билим берүү мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү жана аялдар кеңешинин, жаштар комитетинин өкүлдөрү катышышты. Иш-чарада миграция, үй-бүлөлүк ажырашуулардын көбөйүүсү, балдарды тарбиялоодогу ата-эненин ролун күчөтүү, гендердик көйгөйлөр жана чечим кабыл алуу процесстериндеги аялдардын аз болушу сыяктуу маселелерди  талкуулашты. Ошондой эле семинардын катышуучуларын кыздардын билим алуусун, билим алуунун сапатын жогорулатуу ойлондургандыгын  айтышты.