2019-жылдын 5-декабрында “Кыргызстандын лидер аялдары” улуттук түйүнүнүн Ош областынын Кара-Суу районундагы мүчөлөрүнүн уюштуруусунда Кара-Суу районуна караштуу айыл аймактардын аялдар кеңештеринин төрайымдарынын, активист аялдардын катышуусунда маалыматтык жолугушуу өттү. Жолугушууда катышуучулар азыркы күндө күчөп жаткан үй-бүлөлүк зомбулук, аялдар жана балдарга карата физикалык жана моралдык олуттуу зыян келтирүү, ажырашуулардын көптүгү, балдардын жана карыялардын кароосуз калышы сыяктуу маселелерди айтышып, үй-бүлө институтун бекемдөөдө аялдар кеңештеринин да ролу маанилүү экендигин белгилешти. Иш чара “Аялдар өзгөртүүнү алып келишет” жалпы улуттук кампаниясынын алкагында өткөрүлдү.