"Жаштардын саясаттагы ролу"

"Жаштардын саясаттагы ролу"

     2019-жылдын  23-ноябрында  Ош областынын Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарында “Кыргызстандын лидер аялдары” улуттук түйүнүнүн мүчөлөрү “Жаштардын саясаттагы ролу” деген темада жаш кыз-келиндердин, активист аялдардын, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын  жана аялдар кыймылынын активистеринин катышуусунда маалыматтык жолугушуу уюштурушту. Иш чара “Аялдар өзгөртүүнү алып келишет” жалпы улуттук кампаниясынын алкагында өткөрүлдү жана анда  коомдогу актуалдуу маселелерди чечүүдө жаштардын орду, алардын ой-пикири, сунуштары, жаштардын айылдын өнүгүүсүнө кошкон салымы жана жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн 30% квотаны камсыз кылууга аялдардын активдүүлүгүн көтөрүү маселелери талкууланды.