"Аялдар айылды өнүктүрөт" деген темада маалыматтык жолугушуу.

"Аялдар айылды өнүктүрөт" деген темада маалыматтык жолугушуу.

       “Кыргызстандын лидер аялдары” улуттук түйүнүнүн Ош областынын Кара-Суу районундагы мүчөлөрү 2019-жылдын  22-ноябрында  Кашкар Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Кенжекул айылында “Аялдар өзгөртүүнү алып келишет” жалпы улуттук кампаниясынын алкагында «Аялдар айылды өнүктүрөт» деген темада маалыматтык  жолугушуу өткөрүштү. Иш чарага айылдын активдүү аялдары, аялдар кеңештеринин төрайымдары, жергиликтүү кеңештин депутаттары катышышты. Катышуучулар элет жериндеги көйгөйлүу маселелерди чечүү, жашоочуларга биринчи кезекте керек болгон саламаттыкты сактоо, билим берүү кызматтарынын, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетишсиздиги, айылдын өнүгүүсүндө  аялдардын салымы  жөнүндө өздөрүнүн  ой-пикирлерин ортого салышып  кызуу талкуу болду.