"Аялдардын саясаттагы ролу"

"Аялдардын саясаттагы ролу"

     “Кыргызстандын лидер аялдары” улуттук түйүнүнүн Баткен областынын Кадамжай районундагы мүчөлөрү 2019-жылдын 23-декабрында Кадамжай районуна караштуу Кара-Дөбө айыл аймагындагы А.Тимур атындагы орто мектебинде “Аялдардын саясаттагы ролу” деген темада тегерек стол уюштурушту. Анда аялдар кеңешинин, жаштар комитетинин өкүлдөрү, социалдык мугалимдер жана окуучулардын ата-энелери катышышты. Иш-чаранын катышуучулары үй-бүлөлүк зомбулуктун өсүшүнө  жана өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын көбөйүшүнө миграциянын таасири, ата-эненин жоопкерчилигин жогорулатуу маселелери, аялдардын чечим чыгаруу процессине катышуусунун актуалдуулугу жөнүндө маселелерди талкуулашты. Катышуучулар депутаттык корпуска билимдүү, активдүү, социалдык маселелерди чечүүгө калктын активдүу катмарын тарта билген лидердик сапатка ээ аялдар келүүсүн белгилеп айтышты.