“Жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн 30% квота” жөнүндө маалымат берүү жана жайылтуу.

“Жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн 30% квота” жөнүндө маалымат берүү жана жайылтуу.

     “Кыргызстандын лидер аялдары”  улуттук түйүнүнүн Ысык-Көл областынын Тон районундагы мүчөлөрү «Аялдар өзгөртүүнү алып келет» жалпы улуттук кампаниясынын алкагында Кажы-Сай айыл аймагында 30% квота боюнча тренинг уюштурушту. Тренинг активист аялдардын, айыл өкмөттүн социалдык кызматкерлеринин, ЖӨБО өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын катышуусунда 2019-жылдын 22-ноябрында өттү. Иш чаранын максаты аялдардын активдүүлүгүн көтөрүү жана аларды жергиликтүү кеңешке депутаттыкка талапкерлигин алып чыгуу, үндөө менен багыт берүү болуп саналат.

    Иш чаранын жүрүшүндө катышуучуларга жерлигиктүү кеңеште аялдар үчүн 30% квота боюнча толук маалымат берилди жана боло турган шайлоодо аялдардын талапкерлигин жогорулатуу зарылдыгын баса белгилешти. Андан сырткары аялдардын көйгөйлүү маселелери, аны чечүү жолдору жана коомубузда кездешип жаткан актуалдуу маселелер боюнча бир катар  ой-пикирлер айтылып, сунуштар да болду.