«Аялдар өзгөртүүнү алып келет» маалымат кампаниясы Нариман айыл аймагында

«Аялдар өзгөртүүнү алып келет» маалымат кампаниясы Нариман айыл аймагында

   «Кыргызстандын лидер аялдары» улуттук түйүнүнүн Ош областынын Кара-Суу районундагы мүчөлөрү «Аялдар өзгөртүүнү алып келет» жалпы улуттук кампаниясынын алкагында 2019-жылдын  21-ноябрында  Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу  Нариманов айыл аймагынын активдүү аялдары үчүн  аялдардын лидерлиги жана эдвокаси багыты боюнча айылдык активист аялдардын потенциалын жогорулатуу максатында семинар-тренинг өткөрүштү.

    Иш чарага активист аялдар, аялдар кеңештеринин төрайымдары, жергиликтүү кеңештин депутаттары, ишкер аялдар жана айылдын тургундары катышышты. Лидер аял, айыл өкмөттүн аялдар кеңешинин төрайымы өз тажырыйбасында аярлуу катмардагы аялдар жана балдардын укуктарын коргоо жаатындагы  алгылыктуу иштери жөнүндө айтып берип, аялдардын  өзгөртүүгө  кошкон салымы  маанилүү экендигин белгиледи. Буга далил караты айылдын эки активист аялынын үзүрлүу эмгеги аркылуу айыл өкмөткө долбоорлордун жана инвестициялардын тартылганын айтты.

   Иш-чаранын катышуучулары тынчсыздануу менен эрте турмушка чыгуу көйгөйү күчөп бара жатканын айтышып, турмуш куруудагы жаш куракты 21 жаштан белгилөө сунуштарын беришти. Андан тышкары ата-эненин кыздарынын билим алуусуна, кесипке ээ болуусуна кызыгуусунун төмөндөшү, кыздардын билим алуудан алыстап баратканы, жаш үй-бүлөлөр арасында ажырашуулардын санынын көбөйгөнү, мигранттардын балдарынын кароосуз калгандыгы, ата-эненин балдарына болгон жоопкерчилигинин жоктугу сыяктуу маселерди карап чыгуу актуалдуу экенин айтышты.

    Семинардын катышуучулары   2019-жылдын 8-августундагы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жөнүндө»  мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр менен таанышып, жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн 30% квота берүүнү аялдарга жана балдарга болгон кам кордук деп белгилешти жана саясатта жана чечим кабыл алуу процессине  аялдардын катышуусу  маанилүү экенин айтышты. Активдүү аялдар жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышууга бара тургандыгын жана аялдар арасында тилектештикти жана депутаттыкка талапкерлердин арасында атаандаштыкты күчөтүү зарыл экендигин сунушташты.