«Аялдар жана кыздарга карата жасалган гендердик зомбулукту чечүү жолдору»

«Аялдар жана кыздарга карата жасалган гендердик зомбулукту чечүү жолдору»

   «Кыргызстандын лидер аялдары» улуттук түйүнүнүн Талас областынын Бакай-Ата районундагы мүчөлөрү коомдогу болуп жаткан гендердик маселелерди жоюу максатында «Аялдар жана кыздарга карата жасалган гендердик зомбулукту чечүу жолдору» деген темада семинар уюштурушту.  Аялдар жана кыздарга карата жасалган гендердик зомбулук, коомдук жашоого аялдардын толук кандуу катышуусуна тийгизген гендердик тосколдуктар жана лидер аялдардын ролун жакшыртуу маселелери каралды. Семинар 2019-жылдын 22-ноябрында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкулдөрүнүн, жергиликтүу кеңештин депутаттарынын, активист аялдардын жана кандидат аялдардын катышуусунда өткөрүлдү.

   Семинарда 2019-жылдын 8-августундагы № 117 айылдык кеңештерде аялдар үчүн 30% квота камсыздоо боюнча ««Жергиликтүу кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кр мыйзамын талкулашты. Талкуу учурунда депутаттыка барууну каалаган аялдар үчүн бир нече тоскоолдуктарды аныкташты: аялдарда саясий билимдин жоктугу, коррупция, коом тарабынан гендердик стереотиптерди жоюу кыйынчылыгы, социалдык жана уй-чарба тоскоолдуктары, маалыматка чектелген мүмкүндүк алуу, аялдардын функционалдык жана укуттук сабатсыздыгы, депутат аялдарга ашыкча талаптардын коюлгандыгы (кош стандарттар таасири). 

    Жыйынтыгында жер жерлерде аялдардын ролунун жогоруулашына көмөктөшүү жана шайлоо процесстерине алардын ар тараптуу катышуусун күчөтүү, аял лидерлерди алдыга жылдыруу үчүн саясий партиялардын, жергиликтүу бийликтин жана ЖӨБО өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатуу жана гендердик окууларды өткөрүү, маалымат каражаттары аркылуу чечим кабыл алуу деңгээлиндеги аялдардын позитивдүу образын чагылдыруу, шайлоочулардын укуктук маданиятын жогорулатуу ж.б.