«Аялдар өзгөртүүнү алып келет» улуттук кампаниясы уланууда

«Аялдар өзгөртүүнү алып келет» улуттук кампаниясы уланууда

       Аялдардын экономикалык активдүүлүгүн, финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана аларга көрсөтүлгөн каржы кызматтарынын сапатын жакшыртуу максатында “Кыргызстандын лидер-аялдары” улуттук түйүнүнүн мүчөсү-активист аялдар Кыргыз Республикасынын баардык аймактарында тренинг, семинар жана жарманкелерди уюштуруп келишет.

        “Аялдар өзгөртүүнү алып келишет” улуттук кампаниясынын алкагында Жалал-Абад областынын Ноокен районунун Масы айылында жарманке форматында мастер класс өткөрүлдү.

       Жарманкеге кредиттик мекемелердин, аялдар уюмдарынын өкүлдөрү жана жеке ишкер аялдар чакырылган. Кредиктик мекемелер катышуучуларга жеке ишкерлер учун төмөн пайыздагы кредиттер жөнүндө маалымат беришип, кредитти убагында жабуу үчүн акча каражаттарын туура бөлүштүрүү жана эффективдүү пайдалануу механизмин үйрөтүштү. Андан сырткары жеке ишкер аялдардын мыкты иш тайрыйбалары көрсөтүлдү.

     Активист аялдар жарманкеде табигый таза азыктарды сунушташып, алардын пайдасы жөнүндө айтып беришти жана таза киреше алуу боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү.