"Мажбурлап нике куруу-кыздардын укуктарын түздөн-түз бузуу"

"Мажбурлап нике куруу-кыздардын укуктарын түздөн-түз бузуу"

 

    “Кыргызстандын лидер аялдары” улуттук түйүнүнүн Нарын областынын Нарын шаарындагы мүчөлөрү мажбурлап нике курууну кыскартуу максатында 2019-жылдын 20-ноябрында Нарын областынын Ак-Талаа районунун Үгүт айылында маалымат кампаниясын өткөрүштү.

    Иш чаранын башында атайын чакырылган, 60 жыл бирге түтүн булатып, өздөрүнүн алмаз тоюн бергилешкен айылдын юбилярларына сөз берилди. Алар бактылуу жана узак үй-бүлөлүк  жашоонун сыры, кантип үй-бүлө очогун курушканы, балдарды тарбиялагандары жана жашоонун кыйынчылыктарын бирге жеңишкендери жөнүндө айтып беришти. Андан кийин “Сүйүнчү келин келе жатат” деп кыйкырган жаш балдардын коштоосунда жаш жубайлар чыгып, “Жар-Жар” ыры менен алып келишти. Юбилярлар өздөрүнүн батасын беришип, жаштарга нике туралуу күбөлүгүн тапшырышты. Чон эне келинге ак жоолук салып, ага узак бактылуу үй-бүлөлүк жашоо каалады.

  Иш чаранын уюштуруучулары “Аялдар өзгөртүүнү алып келет” жалпы улуттук кампаниянын максаты жана жергиликтүү кеңешке 30% квота, жергиликтүү бийлик органдарында жана парламентте аялдардын өкүлдөрүнүн аздыгы жөнүндө айтышты жана баарын өздөрүнүн айылындагы кандидат аялдарды колдоого чакырышты. Андан кийин 80 жаштагы чон эне өзүнун сөзүндө, аял бул-Апа, ал баарынан көп сууга, билим жана саламаттыкты сактоо кызматтарына, бала бакчага жана социалдык пакетке муктаж экенин бергилеп кетти. Ошондуктан ал социалдык маселелерди жакшы билет жана жергиликтүү денгээлдеги чечим кабыл алуу процесстерине аялдардын катышуусу канчалык маанилүү экенин түшүнөт.

   Иш чаранын аягында волейбол оюну уюштурулду. Оюн аябай кызык болуп, үч команда ойноду, алардын бирин орто мектептин  жогорку классынын окуучу кыздары түздү. Оюндун аягында катышуучуларга грамоталар жана биринчи орунду ээлеген командага кубок, окуучу кыздарга топ тапшырылды.