"Аялдар өзгөртүүнү алып келет" жалпы улуттук кампаниясы уланууда

"Аялдар өзгөртүүнү алып келет" жалпы улуттук кампаниясы уланууда

   «Аялдар өзгөртүүнү алып келет» жалпы улуттук кампаниясынын алкагында 2019-жылдын 30-ноябрында «Кыргызстандын лидер аялдары» улуттук түйүнүнүн Ош областынын Кара-Суу районундагы мүчөлөрү Кара-суу шаарында активдүу аялдар үчүн финансылык сабаттулук жана туруктуулук боюнча тренинг өткөрүштү. Тренингтин максаты аялдарга үй-бүлөлүк бюджетти, киреше жана чыгашаны туура пландаштырууну, банктын кызматтары менен колдонууну жана мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып кирешесин көбөйтүүнү үйрөтүү. Бул боюнча активист аял, Бай-Түшүм банкынын кредиттик эксперти М. Тороходжаева толук кандуу маалымат берип кетти.

   Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар бир айга үй-булөлүк бюджетти түзүү боюнча тапшырмаларды аткарышып, эксперттин сунуш-пикирин угушту. Көпчүлүгү үчүн бул тажрыйба пайдалуу болду, өздөрү үчүн үй-бүлөнүн бюджетин жана бизнести баштоону туура пландаштыруу менен финансылык туруктуулукка жетүугө болорун белгилеп алышты.  

   Ошондой эле катышуучулар «Кыргызстандын лидер аялдары» улуттук түйүнү жана жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн 30% квота боюнча маалымат алышып, өздөрүнүн ой-пикирлерин айтышты. Ал эми «Аялдар өзгөрүүнү алып келишет» деген чакырууну кубануу менен кабыл алышып, мындай иш-чаралардын жардамы менен алар айылдын, шаардын жана жалпы өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкон чечимдердин кабыл алынышына таасир эте алышарын билдиришти.