Мады айыл аймагында «Аялдар өзгөртүүнү алып келет» маалымат кампаниясы.

Мады айыл аймагында «Аялдар өзгөртүүнү алып келет» маалымат кампаниясы.

     2019-жылдын 20-ноябрында «Кыргызстандын лидер аялдары» улуттук түйүнүнүн Ош областынын Кара-Суу районундагы мүчөлөрү аялдардын коомдогу ордун жана саясий активдүүлүгүн жогорулатуу максатында Мады айыл аймагынын активдүү аялдары үчүн семинар өткөрүштү. Иш-чарада  катышуучулар миграция, үй-бүлөлүк ажырашуулардын көбөйүшү, балдарды тарбиялоодогу ата-эненин ролун күчөтүү, чечим кабыл алуу процесстериндеги аялдардын аз болушу сыяктуу маселелерди  талкуулашты. Ошондой эле семинардын катышуучуларын кыздардын билим алуусу, билим алуунун сапатынын жогорулатуу ойлондургандыгын  айтышты. “Лидер аялдын” потртретин талкуулоодо, депутаттык корпуска билимдүү, активдүү, лидер, адамдарды социалдык маселерди чечүүгө жана ийгиликтерге үндөгөн мүнөзгө ээ аялдар келиши зарылдыгын белгилешти. Иш чарага айылдын активисттери, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана ЖӨБО өкүлдөрү катышышты.