"Жаштар эрте никеге турууга жана ала качууга каршы"

"Жаштар эрте никеге турууга жана ала качууга каршы"

       Кыздардын жаш никеге туруусу адамдын укуктарын одоно бузуу болуп саналат жана жаш кыздарды билим алуудан, ден-соолугунан жана жаркын келечегинен ажыратат, алардын болочок балдарынын ден-соолугуна, өмүрүнө коркунуч алып келет. Эрте никеге туруу эне жана бала өлүмүнүн өсүшүнө, кыздардын билим албай, жумушсуз калышына жана укуктарынын тебеленишине алып келүүдө.

       Ала качуунун кесепетинен ажырашуулар көбөйүп, тагдырлар бузулуп, улуттун генофондуна доо кетүүдө. Кыргыз коомунда ала качуунун социалдык тамыры тереңде болсо да, биз жок дегенде колдо болгон каражаттарды пайдалануу менен бул өнөкөткө бөгөт коюубуз керек. 

      Нарын областынын Нарын шаарынын активист аялдары жаш кыздардын эрте турмуш куруусуна, алардын укугунун тебеленүүсүнө жана ала качууга бөгөт коюу максатында студенттер арасында “Жаштар эрте никеге турууга жана ала качууга каршы” деген темада дебат өткөрүштү. Иш-чарага 24 адам катышышты. Алар: студенттер, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү, мугалимдер, активист аялдар катышышты. Дебаттын жүрүшүндө катышуучуларга жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн 30% квота боюнча да маалымат берип кетишти.