БИРГЕ-ЖАШТАРДЫН ӨЗ АРА ЖАРДАМДАШУУСУ

БИРГЕ-ЖАШТАРДЫН ӨЗ АРА ЖАРДАМДАШУУСУ

Урматтуу достор, биз психологиялык тосмолор жана тоскоолдуктарды азайтуу аркылуу коомчулукта чечимдерди кабыл алууда жана тынчтыкты курууда жаштардын ролун жогорулатууга багытталган “Бирге/Вместе” демилгесин жарыялайбыз. Демилге жаштар үчүн кызыктуу жана пайдалуу экендиги кубандырат.


Бул долбоорго 16 жаштан 28 жашка чейинки жаштар катыша алат. Баткен, Чүй, Ош, Ыссык-Көл облустарында жана Ош жана Бишкек шаарларында жашаган кыз-келиндер жана эркектер үчүн өз алдынча жардам топторун, жүрүм-турум, мамилелерди түзүү психологиясы, эмоция жана сезимдерди башкаруу, стреске каршылык  көрсөтүүнү күчтөндүрүү темалары боюнча вебинарлар өтөт.


Бул демилге БУУнун Тынчтык куруу фондунун каржылык колдоосу менен «ДИА» коомдук фонду, Жаштарды өнүктүрүү институту, «Тынчтык демилгелери» коомдук бирикмеси жана Saferworld тарабынан ишке ашырылууда.