Улуу Британиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси мырза Чарльз Эдмунд Гаррет Ош шаарына болгон сапарында “ДИА" коомдук фондунун үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарына жардам берүү максатында уюштурулган " Надежда" коопсуз үйүнүн иши менен таанышып чыкты.
Коомдук фонддун директору Авазкан Ормонованын айтымына караганда “Надежда " коопсуз үйүндө үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарына социалдык, укуктук, психологиялык жана башка кызматтар белгиленген стандарттарга ылайык көрсөтүлөт. Коопсуз үйдө бир жыл ичинде 254 зомбулуктун курмандыгы деп таанылган аял анын кызматынан пайдаланышып, арт-терапия, релаксация терапиясы боюнча топтук сабактарга катышуу менен, квалификациялуу психологдун реабилитациялык програмадан өтүшкөн. Алар зарыл учурда психолог жана юристтен онлайн жеке кеңеш ала алышкан.
Алар үчүн өзүн-өзү сыйлоо сезимин өркүндөтүү, коркуу жана тынчсыздануу сезимдерин азайтуу максатында өзүнчө сабактар уюштурулуп, GALS ыкмасы, каржылык сабаттуулук боюнча тренингдер өткөрүл, аялдардын укугун коргоонун эл аралык жана улуттук механизмдери жана ченемдери жөнүндө негизги түшүнүктөр берилип, аялдардын укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү, үй-бүлө тууралуу базалык маалыматтарды, тең салмактуу жана сиңимдүү тамак даярдоо боюнча мастер-класстан өтүшкөн.