“Аялдарга добушуңду бер!” жалпы улуттук санариптик кампаниясы уланууда

“Аялдарга добушуңду бер!” жалпы улуттук санариптик  кампаниясы уланууда
“Аялдарга добушуңду бер!” жалпы улуттук санариптик  кампаниясынын алкагында Кыргызстандын 7 дубанынан келген активист-аялдар үчүн онлайн форматта  СММ, Эдвокаси, Сторителлинг боюнча бир катар тренингдери өткөрүлүп жатат.
 Анда активисттер  коомчулук  менен натыйжалуу баарлашуу жана дебаттар, лидерлик сапаттарды өркүндөтүү, жергиликтүү көйгөйлөрдү туура аныктоо, аялдардын  маселелерин жергиликтүү өнүгүү пландарына киргизүү,  курамына аялдар уюмдары жана жергиликтүү активисттер кирген  колдоо топторун түзүүнү үйрөнүшүп, ошондой эле алар санариптик жеке эдвокаси пландарын иштеп чыгышып, аялдардын саясий процесстерге катышуусу жөнүндө билдирүүлөрдү колдонуу менен коомдук пикирди өзгөртүү үчүн социалдык тармактарды натыйжалуу пайдаланууга зарыл болгон ыкмаларды жана көндүмдөрдү  ала жатышат.