"Аялдарга добушуңду бер!" жалпы улуттук кампаниясы

"Аялдарга добушуңду бер!" жалпы улуттук кампаниясы

  "ДИА" КФнун "Аялдарга добушуңду бер!" жалпы улуттук кампаниясы старт алды. Кампания Улуттук Демократия  Институтунун колдоосу астында  “Кыргызстан Лидер-аялдары” улуттук түйүнүнүн мүчөлөрүнүн катышуусунда  ишке ашырылат.

   Бул долбоордун максаты:

  • Аялдардын лидерлик сапаттарын, социалдык тармактарды пайдалануу боюнча билим деңгээлин, ошондой эле гендердик теңчилик жана аялдардын укуктары жаатындагы мыйзамдар жөнүндө маалыматын жана саясий процесстерге катышуусун жогорулатуу.
  • Масштабдуу санариптик кампаниясын өткөрүү менен аялдарга бирдей таасир этүүчү көйгөйлөр боюнча жарандардын маалымдуулугун жана аял-талапкерлерге карата жарандардын жана чечим кабыл алуучу адамдардын колдоосун жогорулатуу.

Долбоор Кыргызстандын 20 районунун активист-аялдарын камтыйт. Долбоордун алкагында аялдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча иш алып баруу үчүн зарыл болгон билимди жана инструменттерди активист – аялдардын арасында жайылтууга багытталган адвокаттык вебинарлар, тематикалык тренингдер, онлайн семинарлар,  мастер-класстар пландаштырылууда.  Бардык иш-чаралар коомдук пикирге таасир этүүчу лидерлердин жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө жана активисттердин санарип кампанияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана аялдардын саясатка катышуусун позитивдүү кабыл алган жарандардын үлүшүн көбөйтүүгө багытталган.

Долбоордун жыйынтыктоочу иш-чарасы " Аялдарга добушуңду бер!" масштабдуу онлайн-кампаниясы (флешмоб) болот, негизги максаты  активист-аялдардын саясий процесстерге катышууга мотивациясын жана аялдардын саясаттагы ролуна коомдук колдоону жогорулатуу.