“Аялдар өзгөртүүнү алып келишет” жыйынтыктоочу жалпы улуттук өнөктүгү

“Аялдар өзгөртүүнү алып келишет”  жыйынтыктоочу жалпы улуттук өнөктүгү

     “Аялдар өзгөртүүнү алып келишет” деген ураандын астында жыйынтыктоочу улуттук өнөктүк “ДИА” (Демилгелүү, ишкер аялдар) коомдук фонду тарабынан 2020-жылдын 3-мартында Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын чоң жыйындар залында уюштурулду. Иш чарага 50дөн ашуун катышуучулар катышышты: мамлекеттик жана шаардык бийлик  органдарынын, жарандык коомдун өкүлдөрү, саясий партиялардын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү.

    Жыйынды ачуу үчүн сөз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Юсупов Байыш Юсуповичке жана Кыргызстандагы УДИнин өкүлү Торокулова Гүлмирага берилди.

   "ДИА" коомдук фондунун директору Ормонова Авазкан Кыргызстандын саясий жашоосунда аялдардын катышуусуна ачык суроо-талапты жогорулатуу максатында жүргүзүлгөн "Аялдар өзгөртүүнү алып келишет" деген ураандын астында жалпы улуттук маалыматтык өнөктүктүн жыйынтыгы жөнүндө айтты. Өнөктүктүн жүрүшүндө коомдун саясий турмушунда аялдардын катышуусу маанилүү экендиги боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуу үчүн коомдук маалымат каражаттарын, социалдык тармактарды пайдалануу менен өз ара аракеттенүү жана новатордук ыкмалары колдонулду. Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн 7 облусунан келген активист аялдар  улуттук өнөктүктүн жыйынтыгы менен бөлүшүштү.

    Катышуучулар “Кыргызстандын лидер аялдары” улуттук түйүнүнүн 16 активистинин аялдардын саясаттагы кабыл алуусун өзгөртүү үчүн Кыргызстандын 7 облусунда өткөрүшкөн 2250 адамды камтыган 78 маалыматтык кампанияларын жогорку деңгээлде баалашты.

    Сүйлөө жана талкуулардын жыйынтыгы боюнча, катышуучулар аялдардын саясатка катышуусун алга жылдыруу жана саясий кызматтарда аялдардын өкүлчүлүгүнүн төмөндүгүнө коомчулуктун көңүлүн бурууда "Аялдар өзгөртүүнү алып келишет” жалпы улуттук өнөктүктүн натыйжалуулугу жогору болгондугун белгилешти. Ошону менен бирге, отурумдун катышуучулары жетишкен ийгиликтерди бекемдөө жана жергиликтүү жана улуттук денгээлде чечим кабыл алуу тартибинде аялдардын өкүлчүлүгүн көбөйтүү үчүн өнөктүктү улантуу зарыл деп эсептешет.

     Жыйындын катышуучулары, улуттук жана эл аралык колдоонун зарылдыгына жана саясатта аялдардын жетишкендиктерин жайылтуу үчүн укуктук базаны бекемдөө жана кеңейтүүгө ынанышты.

   Долбоор "ДИА" коомдук фонду тарабынан Кыргыз Республикасындагы Эл аралык мамилелер боюнча Улуттук демократиялык институтунун "Аялдардын саясатка катышуусун колдоо" программасы менен өнөктөштүктө, Кыргыз Республикасындагы Улуу Британиянын эл аралык өнүктүрүү министрлигинин (DFID) каржылык колдоосу менен ишке ашырылды.