“Аялдар өзгөртүүнү алып келет” жалпы улуттук кампаниясы уланууда

“Аялдар өзгөртүүнү алып келет” жалпы улуттук кампаниясы уланууда

    Жалпы күч-аракеттердин аркасында гана аялдардын үнүн жеткиликтүү кылып, ошону менен бийликти жана мамлекеттик башкарууну жалпы демократиялаштыруу процессине салым кошо алабыз. Жалпы улуттук кампаниянын маанилүү маселелеринин бири болуп саясатта лидер аялдардын потенциалын жогорулатуу жана жергиликтүү кеңештерге аял депутаттарды даярдоо болуп саналат. Бул максатта "Кыргызстандын лидер аялдары" улуттук түйүнүнүн мүчөлөрү активист-аялдар тарабынан Чүй облусунун Суусамыр айылында жергиликтүү кеңешке 30% квота жөнүндө маалымат берүү боюнча тегерек стол өткөрүлдү, анда Суусамыр айыл аймагынын беш айылынан депутаттыкка камынган талапкер аялдар жана активист аялдар катышышты. Мындан тышкары активист аялдар коомдук радиодо жергиликтүү кеңештерге 30% квота боюнча калкка маалымат берүү менен берилген суроолорго жооп беришти.

http://kyrgyzmedia.com/2019/12/21/ayaldar-zg-rt-n-alyp-kelet/