"Аялдарды колдойлу" деген ураандын алдында маалыматтык жолугушуу

"Аялдарды колдойлу" деген ураандын алдында маалыматтык жолугушуу

    “ДИА” (Демилгелүү, ишкер аялдар) коомдук фонду “Кыргызстандын лидер аялдары” улуттук түйүнүнүн активисттери менен биргеликте «Аялдар өзгөртүүнү алып келишет” жалпы улуттук кампаниясынын алкагында “Аялдарды колдойлу” деген ураандын алдында жергиликтүү кеңештерге шайлоо боло турган 14 айылдык аймактарда маалыматтык жолугушууларды өткөрүштү. Жолугушуулар ушул жылдын 25-февралынан 1-мартына чейин 2 000 ашуун адамдардын катышуусунда болуп өттү. Жолугушууда аялдар үчүн мандаттарды резервдөө жөнүндө мыйзамдын   артыкчылыктары, резервге калтыруу механизмдери менен таанышып, жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн 30% квота берүүнү аялдарга жана балдарга болгон кам кордук деп белгилешти. Катышуучуларды калктын сапаттуу билимге ээ болушунун жана медициналык  тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, мектепке чейинки билим берүү мекемелерин көбөйтүү жана аялдар арасында жумушсуздукту жоюу  маселелери ойлондургандыгын, ал маселелерди аялдар гана күн тартибине көтөрүп чыгаарын жана жыйынтыгын көзөмөлгө ала аларын айтышып, аялдарды саясатка аралаштыруу маселеси учурдун талабы экендигин белгилешти. Депутаттык корпуска билимдүү, активдүү, лидер,  түйүндүү маселелерди чечүүгө жана ийгиликтерге үндөгөн мүнөзгө ээ болгон инсандар келиши зарыл.

      Айыл тургундарынын арасында өз кесибинин чыныгы адистери, айылдын активисттери, калк ичинде  барктуу айымдардын жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышабыз деген аруу тилектери бар экендиги жана аларды жергиликтүү жамааттар колдой тургандыгы  абдан маанилүү.