“Аялдар үчүн жергиликтүү кеңештерге 30% квота берүү” деген темада тегерек стол

“Аялдар үчүн жергиликтүү кеңештерге 30% квота берүү” деген темада тегерек стол

      “Аялдар өзгөртүүнү алып келет” жалпы улуттук кампаниянын алкагында Ысык-Көл областынын Түп районунун активист аялдары райондун борборунда “Аялдар үчүн жергиликтүү кеңештерге 30% квота берүү” деген темада тегерек стол, Сары-Булак жана Михайловка айылында “Зомбулуксуз жашоо”, “Саясаттагы аял”, “Стереотипсиз жашоо” деген темада маалымат кампанияларын өткөрүштү. Иш чараларга жергиликтүү кеңештин депутаттары, БӨУ, мектеп мугалимдери, активист аялдар катышты.

     Жергиликтүү кеңештерде аял депутаттардын санынын көбөйүүсү төмөнкүдөй актуалдуу маселелерди чечүүгө көмөктөшөт: сапаттуу медициналык тейлөөнүн жана мектепке чейинки балдарды тарбиялоо мекемелеринин  жетишсиздиги, аялдардын экономикалык активдүүлүгүнүн төмөндөшү, эрте никеге туруу жана каттоосуз никенин өсүүсү, чек ара маселелери, үй-бүлөлүк баалуулуктун төмөндөшү, жаш балдар жана аялдарга катара зомбулуктун өсүүсү, коомчулукта ар кандай диний агымдардын таасири, аялдардын лидердик сапатынын төмөндүгү жана бир нече башка көйгөйлөр.