“Жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн 30% квотаны камсыз кылуу механизмдери”

“Жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн 30% квотаны камсыз кылуу механизмдери”

     2020-жылдын 22-январында Баткен областынын Кадамжай районуна караштуу Кара-Дөбө айылында  “Аялдар өзгөртүүнү алып келет” жалпы улуттук кампаниясынын алкагында “Жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн 30% квотаны камсыз кылуу механизмдери” деген темада семинар өттү. Семинарга активист аялдар, жергиликтүү кеңештин депутаттары, ЖӨБО өкүлдөрү жана боло турган шайлоого даярданып жаткан кандидаттар катышышты. Иш чарада аялдардын саясатта катышуусунун укуктук негиздери,  саясий лидерлик жана анын өлкөнүн өнүгүшүндөгү маанилүүлүгү, саясий чөйрөдөгү гендердик стереотиптер жөнүндө талкуу болду.  Аягында катышуучулар  депутаттыка кандидатурасын коюга кызыктар болушкандыгын билдиришти жана аялдар арасында  биримдикти  жогорулатуу маанилүү экенин  айтышты.