"Аялдар өзгөртүүнү алып келет" жалпы улуттук кампаниясы уланууда

"Аялдар өзгөртүүнү алып келет" жалпы улуттук кампаниясы уланууда

     “Кыргызстандын лидер аялдары” улуттук түйүнүнүн Баткен областынын Кадамжай районундагы мүчөлөрү 2019-жылдын 27-декабрында Кадам-Жай районуна караштуу Кара-Дөбө айылында  аялдар үчүн финансылык сабаттуулук боюнча тренинг уюштурушту. Тренинг “Аялдар өзгөртүүнү алып келет” жалпы улуттук кампаниясынын алкагында өткөрүлдү, анда үй-бүлөлүк  бюджетти туура  пландаштыруу, кирешелер, чыгашалар жана банктык кызматтарды максаттуу пайдалануу жөнүндө  сабак алышты. Катышуучулар “аял тың бологондо үй-бүлө тың, үй-бүлө тың болсо мамлекет тың” деген сыяктуу өздөрүнүн омоктуу ойлорун айтышты.

    Ошондой эле катышуучулар  жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн 30% квота  боюнча маалымат алышып, ал  мыйзамды  балдарга, аялдарга жана карыяларга  карата камкурдук деп айтышты,  аялдардын саясаттагы ордун жогорулатуу – бул  өлкөнүн,  шаардын жана  айылдын өнүгүүсү, элдин бакубат жашоосу үчүн  кадамдар  деп белгилешти. Иш-чарага айылдын активдүү аялдары, жаңы иш баштаган ишкер аялдар, жергиликтүү кеңештин депутаттары, жеке ишкерлер катышты.