2019-жылдын 13-декабрында Баткен областынын Кадамжай районуна караштуу Кара-Дөбө айыл аймагында “Кыргызстандын лидер аялдары” улуттук түйүнүнүн мүчөлөрү “Дени сак аял-дени сак улут” деген темада медицина кызматкерлери үчүн тегерек стол өткөрүштү. Анда аялдардын репродуктивдүү саламаттыгын коргоо, жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн 30% квота жөнүндөгү маалыматтар каралып, бул мыйзамды балдар, аялдар жана карыяларга карата кам көрүү деп белгилешти.