“Ар бир бала бактылуу үй-бүлөдө жашоого татыктуу”

“Ар бир бала бактылуу үй-бүлөдө жашоого татыктуу”

     2019-жылдын 6-декабрында Бөкөнбаев айылындагы Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде “Кыргызстандын лидер аялдары” улуттук түйүнүнүн мүчөлөрү жогорку класстын окуучуларынын, ата-энелердин, лидер айымдардын,  мугалимдердин, ЖӨБО өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын катышуусу менен “Ар бир бала бактылуу үй-бүлөдө жашоого татыктуу”, “Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту токтотолу” деген темаларда форум-театр, флеш-моб уюштурушту. Иш чаранын максаты көпчүлүктүн жан дүйнөсүн ойготуу менен коомдо орун алып жаткан көйгөйлөрдү чагылдыруу жана  кайдыгер карабай биргеликте иш алып баруу.

    Биздин келечегибиз болгон жаш өспүрүмдөрүбүз ата-энеси менен гана бактылуу боло алышат. Ар бир балага бактылуу балалык тартуулоо жана аларга кам көрүү жалпыбыздын орчундуу милдетибиз.

    Иш чарада бүгүнкү күндө көйгөйлүү болгон ички жана тышкы миграция, жумушсуздук, жаш үй-бүлөлөрдүн ажырашуусу жана ата-энеси тирүү жетим балдар туралуу маселелер талкууланды. Жаш өспүрүмдөр ата-эне мээриминен ажырап, тайата-тайэне, чоң ата-чоң энелеринин колунда тарбыяланып жатат. Балдардын бактылуу болуусу үчүн эненин орду баа жеткис десек болот. Анткени, бул жашоодо эненин мээриминен, эненин сүйүүсүнөн артык эч кандай бакыт да жок. Аял бактылуу болгон үй-бүлөдө балдар да бактылуу болот. Андыктан аялдардын, балдардын укуктарын коргоо менен баардык шарттарды түзүп бергенге аракет кылышыбыз керек.