“Мамлекеттин саясий процесстерине аялдардын катышуусу”

“Мамлекеттин саясий процесстерине аялдардын катышуусу”

     “Кыргызстандын лидер аялдары” улуттук түйүнүнүн Ош шаарындагы мүчөлөрү “Аялдар өзгөртүүнү алып келет” жалпы улуттук кампаниясынын алкагында “Саясаттагы аялдардын образын чагылдыруу” деген темада Ош шаарынын жогорку окуу жайларынын студенттеринин арасында макалалар боюнча сынак жарыялашкан. Сынак 2019-жылдын 15-декабрына чейин жарыяланып, студенттер тапшырган макалалар, репортаждар жана сюжеттер атайын түзүлгөн комиссия тарабынан каралып, жеңүүчүлөр аныкталды. Сынактын жүрүшүндө аталган талаптарга жооп берген, мыкты делген 3 даяр материалдар тандалып алынып, диплом жана баалуу белектер  менен сыйланышты. 1- курсунун студенти Нурбек уулу Эртөштүк, 3- курсунун студенти Болот кызы Зыягүл, 4- курсунун студенти Шамшиев Сыймык сыйланышты. Башка да конкурска келип түшкөн материалдардын авторлору кызыктыруучу белектер менен сыйланды.