«Аялдар өзгөртүүнү алып келет» улуттук кампаниясы уланууда

«Аялдар өзгөртүүнү алып келет» улуттук кампаниясы уланууда

       “Кыргызстандын лидер-аялдары” улуттук түйүнунүн мүчөлөрү- активист аялдар өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында ар түрдүү теле-берүүлөрдү уюштуруп, ММК аркылуу маалыматтарды жарыялап келишет. Маанилүү маалыматтарды шилтеме аркылуу алсаңыздар болот:

        Талас областынын Талас шаарында “Танкы Талас” теле-көрсөтүүсүндө аялдардын лидердик сапатын жана жергиликтүү деңгээлдеги маселелерди чечүүдө аялдардын катышуусун жогорулатуу боюнча теле-берүү уюштурулду.

       Акипресс Турмуш сайтында Ысык-Көл областынын Түп районунун Михайловка айылында 30 % квотаны талкулоо боюнча активист аялдардын жолугушуусу чагырдырылды. Жолугушууда аялдардын саясатка катышууга болгон мүмкүнчүлүктөрү боюнча талкуу болду: 

          http://tup-r.turmush.kg/news:381393

        Азаттык үналгысы жана Акипресс Турмуш сайты аркылуу аялдар жана кыздарга көрсөтүлгөн зомбулукту жоюу максатында уюштурулган Жалал-Абад областынын Ноокен районунда аялдардан түзүлгөн топтордун арасында өткөрүлгөн футбол оюну чагылдырылды:

              https://www.azattyk.org/a/woman_football_jala…/30298660.html

              http://www.turmush.kg/news:381795  

        Ош шаарында активист-аялдардын катышуусу менен “Аялдар өзгөртүүнү алып келет” деген темада ток-шоу өткөрулдү:

              https://www.youtube.com/watch?v=oFb10rid96A&feature=youtu.be