«Аялдардын ишкердиги»

«Аялдардын ишкердиги»

    «Кыргызстандын лидер аялдары» улуттук түйүнүнүн Талас областынын Бакай-ата районундагы мүчөлөрү лидер аялдардын жеке мисалы аркылуу ишенимдүү жүрүм-турумду түзүү жана жаш кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүу максатында 2019-жылдын 3-декабрында мектеп окуучулары үчүн кара өрүктү кургатуучу кичи цехине мастер класс-экскурсия уюштурушту. Бул мастер класс «Аялдар өзгөртүүнү алып келет» жалпы улуттук кампаниясынын алкагында Талас областынын Бакай-Ата районунун 1-май айылында жогорку класстын окуучуларынын, айылдын аялдарынын жана активисттердин катышуусунда өткөрүлдү.

     Ишкер аял кара өрүктү кургатуучу кичи цехи менен тааныштырып, өзүнүн ийгилик тарыхы, өз ишин кантип баштаганы, ишин алып барууда дуушар болгон кыйынчылыктары, өз балдарына кантип үлгү болгону, айыл аялдарына жумуш орун түзүп бергени жана өзүнүн коомуна алып келген өзгөртүүлөру жөнүндө айтып берди. Ал сөзүндө орто билим гана эмес жогорку билим алуунун маанилүү экендигине, аялдардын абалын жакшыртуу үчүн чечим кабыл алуу процессинде катышуу маанилүү, ошол себептен өзү кандидат катары барууга камынып жаткан алдыда боло турган шайлоо жөнүндө басым жасап кетти. Эң маанилүүсү бир ишти баштаганда коом жана үй-бүлө тарабынан болгон айыптоо жана стереотиптерге каршы туруп баштоо керек экендигин айтты. Себеби лидер болуу оңой эмес.

    Бул иш чара өсүп келе жаткан муун үчүн үлгү көрсөтүу канчалык маанилүү экенин дагы бир жолу тастыктады. Ошондуктан аялдар өздөрүнүн жетишкен ийгиликтерин көрсөтүунү үйрөнүшү, башка аялдарды жана жаш кыздарды активдүу жашоого, коомдук жашоого катышууга чакыруусу керек. Аялдар тарабынан жасалган эмгектерге, багындырылган бийиктиктерге карабастан аялдардын коомдогу жана үй-бүлөдөгү орду бааланбайт. Анткени учурдагы гендердик стереотиптер чечилбей келет. Ошол себептен аялдардын жана кыздардын аң-сезимин, ишенимдүү жүрүм-турумун өзгөртүүнүн астында чон иш алып баруу талап кылынат. Аялдардын өзүнүн убактысын жана мансабын курмандыкка коюп, күндө аткарган көзгө көрунбөгөн жана акы төлөнбөгөн эмгектерин (үй-чарба, тукум улоо) көрсөтүү жана балоо керек.