"Аялдар өзгөртүүнү алып келет» жалпы улуттук кампаниясы.

"Аялдар өзгөртүүнү алып келет» жалпы улуттук кампаниясы.

      "ДИА" (Демилгелүү, ишкер аялдар) коомдук фонду "Аялдар өзгөртүүнү алып келет" жалпы улуттук кампаниясын улантууда. Долбоорду жүзөгө ашыруу алкагында "ДИА" коомдук фондунун командасы жана "Кыргызстандын лидер аялдары" улуттук тармагынын лидерлери калктын прогрессивдүү бөлүгүнүн, мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн, ММКнын өкүлдөрүнүн парламентте, жергиликтүү кеңеште жана бийлик органдарында аялдардын санынын аз экендигине көңүлүн бурууну пландаштырууда. Алардын колдоосу менен гана аялдардын үнү тең салмактуу болуп, биздин лидер аялдардын катарына кошулуп, мамлекеттик башкаруу жана бийликти жалпы демократиялаштыруу процессине өз салымын кошо алат. Кампаниянын алкагында көптөгөн коомдук иш чаралар атайын даярдалган активист-аялдар тарабынан өткөрүлүп, республиканын бардык аймактарын камтып  жана массалык маалымат каражаттары, интернет тармактары аркылуу чагырдырылып келет.

     Долбоор Бишкек шаарында тегерек стол өткөрүү менен башталды. Тегерек столго  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутат аялдар форумунун мүчөлөру,  шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Борбордук комиссиясынын, эмгек жана социалдык өнүктүрүү Министрлигинин өкүлдөру, жарандык сектордун жана ММКнын өкулдөру, аялдар кыймылынын активисттери, ошондой эле Улуттук демократиялык институттун Кыргыз Республикасындагы өкулчүлүгү, Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси катышты.

"Кыргызстандын лидер аялдары" улуттук түйүнүнүн мүчөлөрү-активист аялдар тарабынан республиканын бардык региондорунда "Саясатка аялдардын катышуусун жогорулатуу" темасында 16 тренинг өткөрүлдү,  377 аял катышты.