«Аялдар жана кыздарга карата жасалган гендердик теңсиздик жана дискриминация маселелерин чечүүдө аялдын лидерлиги»

«Аялдар жана кыздарга карата жасалган гендердик теңсиздик жана дискриминация маселелерин чечүүдө аялдын лидерлиги»

    Жогорку класста окууган кыздардын өздөрүнүн укуктары, мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө сабатын жогорулатуу, гендердик теңсиздик, кыздарга карата жасалган дискриминация, аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана аялдардын лидердиги жөнүндө маалымат берүу максатында «Кыргызстандын лидер аялдары» улуттук түйүнүнүн мүчөлөрү «Аялдар жана кыздарга карата жасалган гендердик теңсиздик жана дискриминация маселелерин чечүүдө аялдын лидерлиги» деген темада тренинг уюштурушту. Тренинг Талас областынын Талас районунун Ш.Шеркулов атындагы орто мектебинде 2019-жылдын 24-декабрында өткөрүлдү.

    Иш чаранын башында «Кыздар эмне жөнүндө үн катышпайт», «Сен жардам берсен, сага да жардам беришет» деген тасмалар көрсөтүлдү. Коомдо дуушар болгон кыздарга жана аялдарга тиешелүү гендердик маселелер, себептери, коомго аялдар кантип өзгөртүүлөрдү алып келе алуусу талкууланды. Лидер аялдын портретин тартышып, аны кандай образда көрүунү каалагандарын талкуулашты.

    Аягында Курманжан Датка жөнүндө «Легенданын жаралышы» деген видео ролик көрсөтүлдү жана аялдык лидердик деген кичи лекция болду.