«Бактылуу эне жана бала-бактылуу үй-бүлө»

«Бактылуу эне жана бала-бактылуу үй-бүлө»

      2019-жылдын 28-ноябрында Талас областынын Талас районундагы К.Каримов атындагы орто мектебинде «Кыргызстандын лидер аялдары» улуттук түйүнүнүн мүчөлөрү «Аялдар өзгөртүүнү алып келет» жалпы улуттук кампаниясынын алкагында «Бактылуу эне жана бала-бактылуу үй-бүлө» деген сүрөттөр сынагын өткөрүштү. Иш чарага мектеп окуучулары, мугалимдер, ата-энелер жана жергиликтүү активисттер катышышты. Активисттер балдардын тарткан сүрөттөрү аркылуу миграция кандай терс таасирин берип жатканын көрүүнү жана бул маселеге коомчулуктун көңүлүн бурууну каалашкан.

     Иш чара аялдар жана кыздарга карата көрсөтүлгөн гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын ичинде өттү. Бул иш чарага ата-энелер, айылдын жашоочулары катышышты, бирок катышкан ата-энелердин санынын аздыгы балдардын жашоосуна баардык эле ата-эне катышып, кызыга бербейт экенин далилдеди. Алар же акча табуу аракети менен башка жактарга иштеп кетишкен, же ажырашып кетишип, үй-бүлөнү апасы гана багып келет.

    Укуктук сабатсыздык аялдардын никесинин ЗАГСта катталбагандыгына, ажырашуудан кийин балдарына алимент ала албай жаткандыгына алып келип жатат. Мугалимдер окуучулардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок, ата-энелердин 10 жыл бирге жашагандан кийин ЗАГСка катталган учурлар болгонун айтып беришти жана алар социалдык жетимдерди тарбиялап жатышкандары тууралуу тынчсыздануусун билдиришти. Миграция акча каражатын табууга жардам берип жаткандыр, бирок үй-бүлө мүчөлөрүнө жана балдарга карата терс таасирин берип жатат. Сынакка катышкан балдар менен жөнөкөй жана түшүнүктүү суроолор талкууланды, алар: силердин апаңарды эмне бактылуу кылат? ата-энеңер жаныңарда жокто, баарынан да эмне силерге жетишпейт? чет жакта иштеп жүргөн тууганыңар же таанышыңар барбы?

   Бул суроолорду талкуулап болгондон кийин, балдарга чон белектин же көп акчанын кереги жок экенин, болгону апасы жанында болсо болоруна ынандык. Балдар өздөрүнүн сүрөттөрүндө апасын же атасын аэропорттун күтүу залында күтүп тургандарын, ата-энеси экөө тең жанында бактылуу үй-бүлөнү, бактылуу үй-бүлөнү карап турган ыйлаган баланы тартышкан.