“Аялдар өзгөртүүнү алып келет” жалпы улуттук кампаниясы уланууда

“Аялдар өзгөртүүнү алып келет” жалпы улуттук кампаниясы уланууда

     Элеттик аялдардын абалына учурдагы бир нече социалдык-экономикалык маселер терс таасирин тийгизип келет. Алар: жакырчылык, социалдык жактан коргоого алынбагандык, жумушсуздук, саламаттык сактоо жана билим берүү кызматтарынын толук кандуу жетишсиздиги, аялдарга карата ар турдуу формадагы зомбулуктун болуп жатышы жана баардык деңгээлдеги чечимдерди кабыл алууда жана бийликти бөлүштүрүүдө болгон теңсиздик.

     Нарын областынын Ат-Башы районундагы “Кыргызстандын лидер аялдары” улуттук түйүнүнүн мүчөлөрү “Аялдар өзгөртүүнү алып келет” жалпы улуттук кампаниясынын алкагында 2019-жылдын 29-ноябрында Ачакайыңды айылында шаардык жана элеттик аялдын айырмачылыгындагы стереотиптерди бузуу, элет аялдарынын өзүнүн жөндөмдүүлүгүнө ишеничин арттыруу максатында  “Электик аял-маанилүү инсан” деген темада семинар өткөрүштү. Иш-чарага бардык курактагы аялдар, аялдар коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү, аял депутаттар жана ишкерлер катышышты.