«Үй-бүлөнүн бакубаттуулугунун негизи-финансылык сабаттуулукта»

«Үй-бүлөнүн бакубаттуулугунун негизи-финансылык сабаттуулукта»

       Нарын областынын Ат-Башы районундагы “Кыргызстандын лидер аялдары” улуттук түйүнүнүн мүчөлөрү “Аялдар өзгөртүүнү алып келет” жалпы улуттук кампаниясынын алкагында 2019-жылдын 19-ноябрында Ат-Башы айылында “Үй-бүлөнүн бакубаттуулугунун негизи-финансылык сабаттуулукта” деген финансылык сабаттуулук боюнча тренинг өткөрүштү. Иш-чарага РСК банктын адистери, активист аялдар, ишкер аялдар жана жергиликт кеңештин депутаттары катышышты.

     РСК банктын адистери аялдарга жеке ишмердүүлүк үчүн төмөн пайыздагы кредиттерди колдонуу, каражаттарды эффективдүү пайдалануунун механизмин жана кредитти жабуу үчүн акча каражатын туура бөлүштүрүунү үйрөтүштү.  Дагы ийгиликтүу ишкер аялдардын иш таржымалдары көрсөтүлдү.

     Тренингде уюштуруучулар жергиликтүү саясатта аялдардын өз алдынча иш алып баруусу үчүн мүмкүнчүлүк катары 30% квота боюнча да маалымат берип кетишти.  2019-жылдын 27, 28-ноябрында жана 3-декабрда Ат-Башы районунун алты айыл өкмөтүндө 30% квота жөнүндө маалымат берүу жана жайылтуу боюнча мобилдик кыдырууларды өткөрүштү. Кыдыруунун жүрүшүндө аларда бул боюнча маалымат жок экени аныкталып, бул маселенин актуалдуулугу тастыкталды. Жергиликтүү кеңештеги депутаттардын курамы сапаттуу болушу үчүн, шайлоого чейин шайлоо процессине жана шайлоого аялдардын да катышуусун даярдоо маанилүү.