“Эрте курактагы никелерге карата социалдык ченемдердин жана жүрүм турум моделдеринин өзгөрүшүнө көмөк көрсөтүү жана “Теңдик нуру” лидер кыздардын түйүнүнүн түзүү”

Башталышы : 15-06-2021 Бутушу : 15-02-2022

“Эрте курактагы никелерге карата социалдык ченемдердин жана жүрүм турум моделдеринин өзгөрүшүнө көмөк көрсөтүү жана “Теңдик нуру” лидер кыздардын  түйүнүнүн түзүү”
Долбоордун аталышы: “Эрте курактагы никелерге карата социалдык ченемдердин жана жүрүм турум моделдеринин өзгөрүшүнө көмөк көрсөтүү жана “Теңдик нуру” лидер кыздардын  түйүнүнүн түзүү”
Долбоордун максаты: “Кыргыз Республикасынын Ош, Нарын жана Чүй облустарындагы 12 максаттуу коомчулуктарында балдардын кызыкчылыгындагы социалдык жана жүрүм-турумдук өзгөрүүлөрдү илгерилетүүгө, суроо-талапты жогорулатууга, ошондой эле жаштарды жана өспүрүмдөрдү жергиликтүү өнүгүү процесстерине катышууга, коомдук биримдикке көмөктөшүү үчүн кызыкдар тараптардын катышуусун жана байланыш кампанияларын күчөтүү ".
Долбоор эки компоненттен турат:
Биринчи компоненттин максаттары:
1.1.          Максаттуу айылдарда     кыздар жана жаш аялдардын үзгүлтүксүз билим алуу, кесиптик ишмердүүлүгүн калыптандыруу,  кесипке ээ болуу боюнча окууларды уюштуруу;
1.2.          кыздардын жана жаш аялдардын билим алуусун, кесиптик ишмердүүлүгүн колдоо, эрте никеге туруу коркунучун азайтуу жана жоюу максатында ата-энелердин, жергиликтүү жамааттын лидерлеринин жана диний лидерлердин өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү;
 
 
Экинчи компонентин максаттары:
2.1. Өспүрүм кыздардын лидерлик сапаттарын, турмуштук көндүмдөрүн жана жарандык компетенттүүлүгүн өркүндөтүү, ошондой эле анын ичинде “теңге -  тең” билим берүү стратегиялары аркылуу алардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;
2.2. Жергиликтүү деңгээлдеги чечимдерди кабыл алуу процесстерине жаштардын катышуусу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте иш алып баруу, ошондой эле аларды муктаждыктарды  изилдөө жана Эдвокаси көндүмдөрүнө окутуу;
2.3. Лидер-кыздардын түйүнүн түзүү, алардын облустук жана республикалык деңгээлдеги аялдар уюмдары менен насаатчылык уюштуруу жана байланышын  чыңдоо.
 
Долбоор ЮНИСЕФтин колдоосу менен мамлекеттик программа "Теңдик нуру" демилгесинин алкагында иш жүзөгө ашырылып жатат жана кыздарга карата дискриминациялык тажрыйбаны жок кылууга, өспүрүм кыздардын жарандык компетенциясын өнүктүрүүгө багытталып,  гендердик теңчилик,   кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү долбоордун негизги максаты болуп саналат. “ДИА” коомдук фонду эрте курактагы никелердин  коомго терс практикалык таасирин өзгөртүүгө, социалдык жана жүрүм-турумдук өзгөрүүлөрдүн байланыш стратегиясын жүзөгө ашырууга багытталып , ошондой эле лидер кыздардын тармагын түзүүгө, алардын облустун жана өлкөнүн деңгээлинде аялдардын уюмдары менен байланышын  күчөтүү боюнча иш чараларды жүргүзүүнү пландаштырууда.  Бул иш  чара өлкөнүн Ош облусуна караштуу Өзгөн жана Кара-Суу,  Нарын облусунун Ат-Башы жана Кочкор , Чүй облусунун Аламедин жана Сокулук райондорунун максаттуу жамааттары менен өнөктөштүктө жүзөгө ашырылмакчы.
 
Долбоордо кыздардын жана алардын ата-энелерине багытталган укуктарга,  социалдык инновацияларга негизделген комплекстүү мамилелер  колдонулуп, бул туруктуу өнүгүү максаттарынын "Эч ким унутулбашы керек"  принциптерине ылайык, дискриминациянын бир нече формаларына дуушар болгон аялдардын жана кыздардын пикирине, алардын  жеке тажрыйбаларына жана чечимдерине өзгөчө көңүл бурулат. Долбоордун алкагында укук маселелери, кыздардын  сынчыл ойлом, лидердик сапатын өнүктүрүү,  коммуникативдик көндүмдөрдү үйрөтүү боюнча  тематикалык окуу-тренингдери өткөрүү жагы каралган.
 
Долбоордун алкагында   “ДИА” коомдук фонду тиешелүү мамлекеттик бийлик органдары,  максаттуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, зомбулуктун алдын алуу  боюнча  комитеттери, коомдук институттар, мектептер жана ата-энелер комитеттери,   регионалдык массалык маалымат каражаттары жана башка  кызыктар тараптар менен иш алып барат,  ошондой эле маданий өзгөчөлүктөрдү эске алуу  менен диний лидерлерге кайрылып, социалдык нормалардын өзгөрүшүн кабыл алат деп ишенүү менен  иш жүргүзөт.
Долбоордун туруктуулугу:
•Социалдык ченемдерди өзгөртүүгө жана эрте курактагы никеге байланыштуу жүрүм  турум моделдерин өзгөртүү үчүн расмий жана расмий эмес лидерлердин өкүлдөрүнүн арасынан коалициялык топтор түзүлөт;
• Өз укугун  коргой алган, кесиптик билим алууну аяктаганга чейин, никени кийинкиге калтырууга, өз потенциалын ишке ашыра тургандыгына ата-энесин  / камкорчуларды ынандыра алган 15-18 жаштагы кыздардын саны өсөт. 
• Жергиликтүү бийлик эрте курактагы никеге туруу көйгөйлөрүн талкуулоо үчүн, чечим кабыл алуучу адамдар менен расмий жана расмий эмес лидерлер үчүн аянтча түзүлөт, чечим кабыл алуучуларга күн тартибине  демилгелер,  тиешелүү сунуштар киргизилет;
• Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Гендердик маселелерди чечүүгө, айрыкча, эрте курактагы никелердин алдын алуу үчүн (аялдар кеңеши, аксакалдар  соттору,  ата-энелер комитеттеринин  катышуусунда) тиешелүү ченемдик актылар кабыл алынат;
• Лидер кыздар тармагы түзүлөт, долбоор аяктагандан кийин гендер маселелери боюнча аракеттенип  жаткан регионалдык жана республикалык деңгээлдеги аялдар уюмдары менен алардын байланышы түзүлөт