Долбоордун мобилизаторлору менен тегерек стол

Долбоордун мобилизаторлору менен тегерек стол

Долбоордун мобилизаторлору менен жолугушуу

14 -июлда Ош шаарында “Эрте курактагы никелерге карата социалдык ченемдердин жана жүрүм турум моделдеринин өзгөрүшүнө көмөк көрсөтүү» долбоорунун ишке ашыруучуларынын жана өнөктөштөрүнүн катышуусунда тегерек стол болуп өттү, анда 12 пилоттук деп тандалган Нарын облусунун Ат-Башы жана Кочкор райондору, Ош облусунун Кара-Суу, Өзгөн райондору жана Чүй облусунун Аламүдүн, Сокулук райондорунан долбоордун мобилизаторлору катышты.

 

Иш чарада катышуучулар долбоордун максаттары жана милдеттери менен таанышышып, долбоордун деталдуу пландары, мобилизаторлордун иш графиги, алардын ар биринин долбоордогу ролу жана жоопкерчилиги жонундо макулдашылды. Ошондой эле максаттуу топтун маалымат базасын түзүү жана долбоорго катышуу үчүн потенциалдуу лидер кыздардын тандоо критерийлери боюнча инструкция иштелип чыкты.

 

Долбоор БУУнун Балдар фондунун @unicefkg @un_kyrgyzstan колдоосу менен "ДИА" коомдук фонду тарабынан Европа Биримдиги менен БУУнун Кыргызстандагы "Теңдик Нуру" @SpotlightInitiative демилгесинин алкагында ишке ашырылууда.

#SpotlightEndViolence  #WithHer  #ДИА #ЖолЖокЭртеНикеге

Мероприятия